13.06.2018 17:41, Аман Бакиров

Бишкек шаардык соту Сапар  Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартты

Бишкек шаардык соту  Сапар  Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартты

Бишкек шаардык соту бүгүн мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун  жактоочуларынын кассациялык арызын карады. Өз чечими менен Сапар Исаковду тергөө аягына чейин камакта кармоо тууралуу Биринчи май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.  Бул April.kg  порталына Исаковдун  адвокатыУчкун Каримов билдирди.

Эске сала кетсек, 7-июнда Сапар Исаковдун жактоочулары аны камакта кармоо чечимине макул болбой, кассациялык арыз менен кайрылышкан. Биринчи май райсоту арызды шаардык сотко өткөрүп берген. Документ түшкөн 10 сутка аралыгында арызды карап чыгуучу күн белгиленген.

Эскерте кетсек, 29-майда Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБин жаңылоо  боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында «Жемкорлук»  беренеси менен айып тагылган.   

Ал  «2013-жылы президент аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттерди кылуу аркылуу, подрядчикти тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген», деп күнөөлөнүүдө.